• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кепшн видео: Ташиев менен Бабановдун тиреши ачыкка чыкты

15 Үчтүн айы 2021 19:21 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев саясатчы Өмүрбек Бабанов менен былтыркы жылдын 9-октябрынан бери жолуга электигин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ташиев ошондой эле 9-октябрдагы митингде чагымчылдык кылгандар иликтенип, жазасын аларын да кошумчалаган.

Буга чейин аянтта Атамбаев менен Бабановдун тарапташтары митинг өткөргөн. Митинг таш ыргытуу, ок атуу менен аяктаган.

Көп өтпөй, Бабанов Садыр Жапаров менен жолукканын социалдык баракчасына жазган. Кечээ жакында анын талапкерлигин колдой турганын айтты.

«Республика» партиясы менен «Ата-Журт» партиясынын лидерлери 2015-жылкы парламенттик шайлоо алдында бириккен. Убагында Ташиев Орусияга чейин барып, Бабановго жолукканы бар.
Кийин экөөнүн тандемине чекит коюлган.

Бүгүн мындай кайым айтышуудан улам «экөөнүн ынтымагы суудубу?» деген кептер айтылууда…

Количество просмотров: 17799