Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жетекчиси Керим Турапов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул маалыматты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, театрдын директорун ээлеген кызматынан бошотуу боюнча буйрук чыга элек.
Тураповдун арыз жазган себеби айтылган жок.
Белгилей кетсек, Турапов тетрга 2019-жылы жетекчи болуп келген.