• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Суракматов шайлоого катышуу үчүн мэрликтен кетип жатат

20 Тогуздун айы 2020 14:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетти. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-октябрда маалымат жыйын учурунда билдирди.

Маалымат жыйындын башталышында Суракматов алгач аткарылган иштер тууралуу айтып өттү.

«Нариман Ташболотовичтин башкаруусунун алдында дагы да болсо бир топ жумуштар аткарыла турганына көзүм жетет. Экөөбүз буга чейин чогу иш алып барганбыз жана көп жетишкендиктерге жеткенбиз Мен биринчи вице-мэрлик кызматка Нариман Ташболотовичтин келүүсүн өзүм сурандым. Кечээ гана көндү», — деп билдирди Суракматов.

Суракматов кошумчалагандай, ал Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанганы жаткандыктан кызматтан кетүү чечимин кабыл алган.

Буга чейин мэр Суракматов отставкасы туралуу расмий бүгүн жарыялай турганы айтылган болчу.

Количество просмотров: 72