• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кесиптештерине нааразы болгон Мадумаров жыйындан чыгып кетти

27 Кулжа 2022 16:44 Бишкек Govori.TV

Депутат Адахан Мадумаров нааразы болуп ЖК комиетинин жыйынынан чыгып кетти. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 27-июндагы жыйынында депутаттар Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 160 миллион доллар насыя берүү боюнча макулдашууну ратификациялоо маселесин экинчи окууда карашты.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, насыя бюджетти колдоого жумшалат.

Мадумаровдун айтымында, Каржы министрлигинин өкүлдөрү коюлган суроолорго так жооп бере алышпайт. Ал талкууну кийинки жыйынга жылдырууну сунуштады.

Комитет төрагасы Чыңгыз Айдарбеков министрлер кабинети мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда токтоосуз колдоого алууну суранганын, эгерде бул азыр аткарылбаса, анда парламент сессиянын аягына чейин жана каникул күндөрүнө чейин чечим кабыл ала албастыгын билдирди.

«Биз бир жакка шашып жатабызбы? Кеп мына ушунда. Өлкө мага эле керек эмес да. Билесизби, ансыз деле кээ бир депутаттардын бул жерде отурушунун кажети жок, парламенттин жыйынында деле юридикалык бөлүмдүн өкүлү трибунага чыгып, казино боюнча мыйзам долбоору өттү деп чечти, парламент буга унчукпай макул болду. Олтуруп, талкуулап, бир нерсе сунуш кылуунун кереги жок, “Биз көппүз, билгенибиздей кылып кете беребиз” дегендей», — деп нааразы болгон Мадумаров отурумдан чыгып кетти.

Депутат кеткенден кийин комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кароону жактырышты.

Количество просмотров: 16657