• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кесиптик кошуундар үйүндө кайрадан чыр чыкты (видео)

4 Үчтүн айы 2021 12:14 Бишкек Govori.TV

4-январь күнү Кесиптик кошуундар үйүнө белгисиз адамдар тобу келип, Сагынбек Бозгумбаевди төрагалык орунду бошотуп, чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Алар Бозгумбаевдин өзүнө жана анын тарапкерлерине кол көтөрүүгө чейин барышканын, ортого милиция жана коопсуздук кызматкерлери түшкөн.

Натыйжада патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери эки тарап болуп жаалдашып жаткан топтун урушунан Бозгумбаевди сыртка алып чыгууга аргасыз болушкан.

Профсоюздардын башчысы бүгүн, 4-январда эртең менен жумушка келгенин, бирок белгисиз адамдар аны киргизбей койгонун айтты.

Эске салсак, Кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлдөрү 25-декабрда Бишкекте эки жерде эки башка жыйын өткөрүп, эки жетекчи шайлашкан. Эки башка өткөн жыйындын кайсынысы мыйзамдуу экени, шайланган эки жетекчинин кимиси уюмду жетектей турганы белгисиз бойдон калууда.

Федерацияны 2017-жылдан бери жетектеп келген Мирбек Асанакунов 2020-жылдын февралында өзүнө карата нааразылыктын натыйжасында иштен кеткен. 5-февралда федерациянын кеңешинин жыйыны өтүп, анда Асанакунов кызматынан четтетилгени кабарланган. Өзү бул жыйында кворум болбогонун, анын иш ордуна кызыккандардын кутуму болуп жатканын айткан.

Асанакуновго каршы акциялар 2019-жылы башталып, ага «кызмат ордун мыйзамсыз ээлеп турат, федерациянын мүлкүнө байланышкан жеке кызыкчылыктары бар» деген кинелер коюлуп келатат.

Асанакунов Кесиптик кошуундар федерациясын мыйзамсыз жетектеп тургандыгы тууралуу арызды Биринчи май райондук, Бишкек шаардык соту канааттандырган. Ал эми Жогорку сот быйыл январь айында ал чечимдерди жокко чыгарган.

Пикир келишпестиктин видеосу соцтармакка жарыяланды.

Количество просмотров: 10706