• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Кесиптик лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу 3-июлда башталат

4 Теке 2023 17:50 Бишкек Govori.TV

Кесиптик лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу 3-июлдан 30-августка чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү министрилгинин басма сөз кызматы кабарлады.

“2023-2024-окуу жылына башталгыч кесиптик билим берүү мекемелерине кабыл алууну уюштуруу жөнүндө” буйрук чыкты.

Буйрукка ылайык, 2023-2024-окуу жылына кесиптик лицейлерге кабыл алуу 3-июлдан 30-августка чейин онлайн режимде жүргүзүлөт — https://2020.edu.gov.kg/npo/

Кабыл алуу билими жөнүндөгү документтин орточо баллынын негизинде жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү мекемелерине окуучуларды кабыл алуу, которуу жана окуудан чыгаруу эрежелерине ылайык, жалпы орто билимге жана жалпы негизги билимге ээ мектеп бүтүрүүчүлөрү кабыл алынат.

Толугураак: https://edu.gov.kg/posts/1867/

Количество просмотров: 59