• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

12 жылдык окуу: Бишкекте 1-класстар бала бакчанын имаратында окутулат

11 Жалган куран 202515:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-мартта Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева баштаган жоопту түзүмдөрдүн башчылары Бишкекте маалымат жыйын куруп, 12 жылдык окуу сиситемасы тууралуу маалымат берди.

Жыйында Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева 12 жылдык окууга өтүүдө айрым орун жетпей калган мектептерде 1-класска келгендер бала бакчаларда окуй турганын айтты.

«Бишкек шаарында окуучулардын саны өтө көп. Бул баарыбызга белгилүү. Учурда 120 мектепте 238 000ден ашык окуучу билим алууда. Азыр 1-класста 24840 бала окуп жатат. Сентябрда 2025-2026-окуу жылында 2-класска 25 миң баланын келүүсү күтүлүүдө. Ал эми 1-класска келе турган балдардын саны такталып жатат. Алардын баарын мектептердин имараттарына батыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги менен 1-класста балдарды бала бакчалардын имаратында окутуу боюнча макулдашылууда. Себеби булар муниципалдык имарат болгондуктан, бала бакчанын имаратын ижарага алуу деген жок. Имараттар бекер берилет. 1-класста балдар бала бакчада окутулат жана ата-эненин каалоосу менен бала бакчада кечкиге чейин кала берсе болот”, — деди Мусаева.

Количество просмотров: 195