• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташиев 12 жылдык окууга өтүү туура эмес деген пикирин билдирди

3 Жалган куран 202518:14 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү туура эмес деген пикирин билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы 3-мартта Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.

Анын айтымында, мектептеги билим берүү өтө начарлап кетти, муну чечмейинче башка системага умтулуунун кереги жок.

«Жактоочулар айтып жатышат «чет мамлекетке барып окууга ынгайлуу болот» дешет, статистиканы алып коргулочу болгону 3-5 % гана бутуруучу Европа, Америкага барып окушат экен,а калгандары СНГ мамлекеттеринде жана оз олкобуздо эле жогорку билим алууну улантышат. Финансылык экономикалык жагынан да өтө көп зыянга учурап калабыз, 30 миңден ашык кошумча мугалим, 200 дун тегерегинде кошумча мектеп ж.б», — дейт Ташиев.

Количество просмотров: 343