• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

“KG ГРУПП” курулуш компаниясы жардамга муктаж жарандарга кайрымдуулук кылды

22 Баш оона 2018 19:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.08.2018. Govori.TV

Бүгүн “KG ГРУПП” курулуш компаниясы салтка айланып калган айт майрамында жардамга муктаж жарандарга, кайрымдуулук кылып, атайын дасторкон жайып сыйлады.

Мындан сырткары аталган компания курмандыкка мал союп, аны 500 дөн ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жана майыптарга бөлүп берди.

Кайрымдуулук менен бирге мамлекеттин өнүгүшүнө дагы салым кошкон бул компания Кыргыз армиясын дагы унутта калтырган эмес.

Ошондой эле атайын кайрымдуулук фонддор менен иштешип келген бул компания бүгүн, Элим барсыңбы? — коомдук кайрымдуулук фондуна дагы белек даярдаган.

«KG ГРУПП» компаниясынын президенти Имамидин Ташов курмандыкка чалууну парз катары көрүп, мындай иш-чараларды токтотпосун дайым баса белгилеп келет.

Курман айт майрамынын урматына кайрымдуулук көрсөтүп жаткан “KG ГРУПП” курулуш компаниясынын президентинен жардам алган жарандар, ага алкыш айтып, ыраазы болуп кайтышты.

Количество просмотров: 57