• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Карыя табылган каражатын кайрымдуулукка салды. Медиа коомчулук коңгуроо какты

28 Тогуздун айы 2022 17:52 Бишкек Govori.TV

ТИЛЕКТЕШТИК АКЦИЯСЫ

Кыргызстандагы эркин медиа каражаттары кысымга каршы #күччындыкта# хэштегдери менен масштабдуу маалыматтык өнөктүк өткөрдү. Тагыраагы бүгүн, 28-октябрда өлкөдөгү медиа каражаттары бир учурда саат 9.00дөн 12.00гө чейин бир дагы жаңылык чыгарган жок. Бул аралыкта кабарлардын ордуна “Жаңылык чыкпайт. ЖМКга кысым күчөдү” деген текст гана чыгып турду. Ошону менен катар эле маалымат каражаттары күн бою мамлекеттик органдардын пресс-релиздерин жарыялаган жок.

ММКНЫН КАЙРЫЛУУСУ

Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын негиздөөчүлөрү жана редакторлору “Азаттыкка” бөгөт коюу чечимин артка чакыртып алууна жана президент Садыр Жапаров менен жолугушууну талап кылышууда. Бул тууралуу алардын мамлекет башчысына жолдогон кайрылуусунда айтылат.
Кайрылуу Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңешке, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Ички иштер министри Улан Ниязбековго, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго жолдонот. Анда айтылгандай, Журналисттерди каралоо боюнча уюшкан жана пландуу кампания жүрүп жатат. Көз карандысыз маалымат каражаттарын жабуу талабы менен митингдер жана кол топтоо уюштурулууда. Редакцияларды өрттөө жана маалымат каражатынын өкүлдөрүнө таасир этүүнүн башка мыйзамсыз ыкмаларын колдонуу боюнча акцияларда ачык коркутуулар болууда. Ал эми укук коргоо органдары мындай фактыларга реакция кылбай жатат.

АБАКТАН КАТ

Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу беренеси менен кармалган саясатчы Азимбек Бекназаров абактан кат жолдоду. “Бийлик бизди 22 адамды өлкөдө массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүшкөн деп, мыйзамсыз камап олтурушат” деген Бекнезаров өз катын президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдогон. Ал күнөөуз олтургандарды бошотууну кошумчалаган. Бул арада абактан Клара Сооронкулова да кат жолдоп, уулун 11 жашка толушу менен куттуктады. Анын катын жактоочусу Чынара Жакупбекова соцтармакка жайгаштырган. Сооронкулова катында 11 жашка толуп жаткан баласына кайрылып, “Сен абдан күчтүү жана акылдуу жигитсиң, бекем болосуң деп ишенем”, деп жазган.
Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милиция алып кеткен. Кармалган жарандык активист менен саясатчылардын дээрлик баары Биринчи май сотунун чечими менен 20-декабрга чейин камалган. Белгилей кетсек, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

ТЫҢШООЧУ АППАРАТ ТАБЫЛДЫ

Адвокат Канат Хасанов дайым келип жүргөн кафедеги отургучтун астынан тыңшоочу аппарат табылганын билдирди. Бул тууралуу ал 28-октябрда өзүнүн фейсбук барагында кабарлады.«Мен бир жылдан бери бир гана кофейняда, бир гана орунда отурам. Бардык жолугушуулар ушул жерде өтөт. Бул жердин камерасындагы жазуулар күч түзүмдөрүнө жетээрин билген үчүн да принципиалдуу түрдө ушул жерде отурам. Менин жашыра турган нерсем жок, позициямды түз эфирде ачык билдирип келем», — деп жазды ал. Белгилей кетсек, Хасанов ИИМ тарабынан кармалган журналист Эрлан Бекчороев менен жарандык активист Атай Бейшенбектин укугун коргойт. Мындан сырткары ал мыйзамсыз көрүнүштөрдү сынга алып, пикирин ачык билдирип келет.

КАРЫЯНЫН КАЙРЫМДУУЛУГУ

Токмоктогу мал базардан 120 миң сомун чөнтөкчүгө уурдаткан аксакал табылган каражаттын бир бөлүгүн БШКнын мүчөсү Кайрат Маматовдун уулу Канаттын дарылануусуна берүүнү чечти. Бул тууралуу Маматов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматка караганда, кичинекей Канат иммунотерапияны сегизинчи күн алып жатат. Карыя табылган каражаттын бир бөлүгүн баланын даарылануусуна берүүнү чечкен
Эскерте кетсек, 16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктогу мал базарда 120 миң сом акчасын уурдаткан атанын видеосу тараган. Кайдыгер эмес жарандар карыяга дароо 115,5 миң сом чогултуп беришкен. Кийин Чүй облустук милициясы уурулукка шектүү катары Токмок шаарынын 1983-жылы туулган Г.У. аттуу тургунун кармаган. Учурда ал Токмок шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө уланууда.
Буга чейин ИИМ аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 643