• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарында милиция кызматкерлери кайрымдуулук кылышты

15 Кулжа 202315:10 Бишкек Govori.TV

Нарын облустук милиция кайрымдуулук көрсөттү. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-июнда Нарын милициясы атайын токтомдун негизинде, облус борборундагы моралдык жана материалдык жактан муктаж болгон жарандарга «Биздин балдар- планетанын келечеги»»-деген ураанда кайрымдуулук көрсөтүлдү.

Кайрымдуулуктун алкагында Нарын ОИИБдин башчысынын орун басары милициянын полковниги Кумар Кабылбеков Нарын шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана жалгыз бой энелерге арналган азык-түлүктөрдү тапшырды.

Количество просмотров: 129