• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Хабиб Нурмагомедов Африкадагы балдарга мектеп салып берет

6 Жетинин айы 2018 11:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.11.2018. Govori.TV

Жеңил салмактагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов  өзүнүн миллион доллар акчасын Африкадагы жарды адамдарга кайрымдуулукка берет. Бул тууралуу анын менеджери  Али Абдель-Азиз маалымат таратты. Акчанын көпчүлүк бөлүгү жаш балдар билим ала турган мектепке жумшалат. Африка өлкөсүнө Хабиб Нурмагомедов өзү барып, ал жердеги балдардын жашоо абалы менен таанышып кайта турганы маалым болду.
“Биз 1 миллион доллар акчаны Африка өлкөсүндөгү жаш балдар үчүн кайрымдуулукка берип жатабыз. Хабиб ушул айдын аягында Африка өлкөсүнө барат. Ал жардамга муктаж адамдарды өз көзү менен көрүп, алар менен таанышып келүүнү максат кылып жатат”,-деди  Хабиб Нурмагомедовдун менеджери.
Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов Дүйнөнүн Эң таасирдүү 500 мусулманынын (The Muslim 500) катарына  кирген. Бул тизмеде атактуу жана кайрымдуу иштерди көп кылган мыкты спортчулар жана коомдук ишмерлердин ысымдары бар.
Количество просмотров: 37