“Ыйман” диний маданият өнүктүрүү фондусу Ысык-Көл облусундагы 700гө жакын үй-бүлөгө азык-түлүктөрдү таратышты.
Анын алкагында, Каракол шаарынан 50 үй-бүлө, Балыкчы шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган жардамга муктаж 55 үй-бүлө азык-түлүк алышты.
Маалымдай кетсек, “Ыйман” фонду Кыргызстан боюнча жалпы 8 миң 100 үй-бүлөгө азык-түлүк таратып, кайрымдуулук кылышты.