Бишкек шаарынын мэриясы билдиргендей, Киев көчөсүн реконструкциялоо долбоорунун алкагында «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы тарабынан жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча оңдоо иштери башталат.
Алсак, 2026-жылдын 15-июнунан 15-августуна чейин Киев көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки тилкесинде жолду кесип өткөн жылуулук тармактарын оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу, иш алып барылып жаткан учурда кесилиштер этап-этабы менен жарым-жартылай жабылып турат. Ар бир тилкедеги иштердин аткарылышына жараша кесилиштер кезек менен жабылат.
Мындан сырткары, 2027-жылы Киев көчөсүнүн Бейшеналиева көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки тилкесинде диаметри 700 мм болгон магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо пландалууда. Учурда долбоордук документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Долбоорду ишке ашыруу шаардын жылуулук инфраструктурасын андан ары модернизациялоонун алкагында каралган.
«Бишкекжылуулуктармагы» МИ шаар тургундарын жана жол кыймылынын катышуучуларын убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууну суранат.
Белгилей кетсек, ар бир кесилиштин жабылуу графиги тууралуу маалымат кошумча берилет.