• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Киевде тик учак кулап Украинанын ички иштер министри көз жумду

18 Үчтүн айы 2023 15:47 Бишкек Govori.TV

18-январда эртең менен Киев облусунун Бровары шаарында тик учак кулап, Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский жана анын биринчи орун басары Евгений Енин курман болду. Тик учактагы тогуз киши тең набыт кеткени кабарланды.

Тик учак балдар бакчасынын жанына түшүп, имараттан өрт чыкты. Алдын ала маалыматка караганда 18 киши каза болду, алардын үчөө балдар. 22 киши ооруканага түштү, алардын ичинен 10 наристе балдар үйүнүн тарбиялануучулары.

Жергиликтүү медиа кырсыкка кабылган тик учак Украинанын Коргоо министрлигине таандык экенин жазды.

Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Теги:
Количество просмотров: 114