Кыргызстандык балбандар Украинанын алдыңкы балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеште 13 медаль багындырышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 26-28-февралда Украинанын Киев шаарында өттү. Ага Кыргызстандын атынан эркин, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы катышты. Кыргызстандык спортчулар 13 медаль: 3 алтын, 4 күмүш жана 6 коло утту.
Алтын байгени:
Айсулуу Тыныбекова — 62 кг;
Мээрим Жуманазарова — 68 кг;
Узур Жусупбеков — 97 кг.
Күмүш медалды:
Жоламан Шаршенбеков — 60 кг;
Назира Марсбек кызы — 59 ;
Айпери Медет кызы — 74 кг;
Эрназар Акматалиев — 65кг.
Коло медалды:
Амантур Исмаилов — 67 кг;
Исламбек Орозбеков — 70 кг;
Икромжон Хаджимурадов — 61 кг;
Бекболот Мырзаназар уулу — 57 кг;
Нуртилек Карыпбаев — 86 кг;
Алибек Осмонов — 65 кг.
Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлгөн.