• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Киевдеги мелдеште Айсулуу Тыныбекова алтын медалдын ээси болду

28 Бирдин айы 2021 19:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Украинада өтүп жаткан спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча мелдеште алтын медалдын ээси болду.

Эл аралык турнирдин биринчи күндүк беттештеринин финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 17:30да старт алды.

Экинчи бөлүктө Айсулуу Тыныбекова керектүү болгон 4 упайлык ыкманы жасап, 9:7 эсебинде жергиликтүү балбанды жеңди. Муну менен Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта алтын медалга ээ болду.

Бүгүн дагы бир кыргыз балбаны Жоломан Шаршенбеков да финалда ирандык Алиреза Нежати менен күрөшүп, 5:1ге жеңилип күмүш медаль алган.

Количество просмотров: 224