• Жума 19 Теке 2024
  • Пятница 19 Июль 2024

Киевге жасалган соккудан адамдар өлүп, балдар ооруканасы зыянга учурады

8 Теке 2024 17:26 Бишкек Govori.TV

8-июль күнү эртең менен Орусиянын аскерлери Украинага ракеталык чабуулдарды жасап, жыйынтыгында ондогон киши каза болду.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус тарап жалпысынан 40тан ашык ракета учурганын билдирди.

Маалыматка караганда, ракеталарды стратегиялык аскер учактары Каспий деңизинин үстүнөн кое берген. Украинанын бардык аймагында айгай жаңырып, Киевде жарылуулардын үнү угулуп, бийлик абадан коргонуу системалары иштеп жатканын билдирген.

Шаардык акимчилик атып түшүрүлгөн ракеталардын сыныктары Киевдин бир нече районуна кулаганын, бир катар имараттар зыянга учурап, өрт чыкканын маалымдады. Киевдин мэри Виталий Кличко талкаланган имараттардын арасында балдар ооруканасынын имараты да бар экенин айтты. Түрдүү маалыматтар боюнча, андагы урандылардын алдында адамдар болушу мүмкүн.

Украин бийлиги Киевде жети киши каза болуп, ондон ашык адам жаракат алганын билдирди. Учурда маалыматтар такталып жаткандыктан, бул сандар дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылды.

Булак: centralasian.org

Количество просмотров: 151