Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттеги 3-марттагы жыйынында Конституциянын жаңы долбоорун жазган авторлорду тааныштырууну талап кылды.
Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган депутат Бактыбек Турусбеков авторлордун бири өзү экенин, бирок башкалар тууралуу маалымат бере албастыгын айтты. Ал парламенттик аппараттын техникалык кызматкерлери авторлор тууралуу маалыматты кагаз жүзүндө таратарын билдирди.
Анын алдында депутат Жанарбек Акаев да ушундай маселе көтөргөн.
Конституциянын долбоорун жана референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору парламенттин 3-марттагы сессиясында талкууланууда.
Депутаттар Дастан Бекешев, Ирина Карамушкина Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда элдин эркин чектеген жоболор бар экенин билдиришип, «кийин маселе жаралса ким жооп берет?» деген суроо коюшту.