29- ноябрда Кыргыз эл акыны, Кыргыз ССРинин эл артисти Муса Баетовдун 120 жылдыгы белгиленет. Юбилейлик иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда саат 11:00до башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
4- декабрь “Манас күнүнө” карата 2022-жылдын 2- декабрында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, манасчы Рыспай Исаковго Гиннестин сертификатын Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине тапшыруу аземи өтөт.
3–декабрда саат 14:00 дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында манасчы Салимбай Турсунбаевдин “Чоң казат” жана замандаштарынын эскермелери менен манасчынын соңку жылдарда жазган ырлары камтылган “Санаты сансыз-Салимбай” аттуу китептеринин бет ачары өтөт.
3- декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Франчайзинг ( BIZ Franchise) форуму өтөт. Иш-чара саат 9:00 да башталып, 18:00 дө аяктайт.
4- декабрь “Манас күнүнө” карата саат 15:00 дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында “Айкөлдүн аманаты” спектаклинин премьерасы болот.