• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата массалык иш-чаралар өткөрүлбөйт

28 Чын куран 2020 16:17 Бишкек Govori.TV

«Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу биз 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата массалык иш-чараларды өткөрө албайбыз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары элдин кеңири колдоосуна ээ болгон массалык акция —  «Өлбөс полк» иш-чарасын онлайн форматта өткөрүү сунушталып жатканын кошумчалады.

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тылдын катышуучуларына, өткөн жылдардагыдай эле, өзгөчө көңүл бөлүнөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарында Улуу Жеңишке арналган долбоорлор кеңири чагылдырыларын белгиледи.

Количество просмотров: 92