• Жума 19 Теке 2024
  • Пятница 19 Июль 2024

Окуучуларды чоң маарекелерге катыштырууга тыюу салынат

3 Бугу 2024 18:18 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева «Азаттыкка» комментарий берип, мындан ары коопсуздук маселеси камсыздалмайынча окуучуларды чоң маарекелерге катыштырууга тыюу салынарын айтты.

Сузак райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы убактылуу иштен четтетилди. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын күнөөсү аныкталса, жоопко тартылары айтылууда. Министр 3-майда аталган районго барып, бир күн муруңку кырсыкта жабыркаган окуучулардан кабар алды. 

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тоо боорунда «Манас айтуу» иш-чарасы өтүп жатканда «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү машине жүрүп кетип, баштапкы маалыматтарда 30 бала жабыр тартканы айтылган.

Жума күнкү расмий маалыматка ылайык, 12 бала ооруканада жатат, алардын бешөө реанимацияда. Дарыгерлер алардын абалын оор деп баалашууда. Автоунаанын ээси кармалган. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 146