• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кийинки жумада «Семетей» госпиталы бейтаптарды кабыл ала баштайт

3 Жетинин айы 2020 10:11 Бишкек Govori.TV

«Семетей» госпиталы (мурдагы «Ганси» авиабазасы) бир жуманын ичинде коронавирус жана пневмония менен ооруган бейтаптарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-ноябрда «Семетей» госпиталында өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев менен саламаттыкты сактоо министри А.Бейшеналиев жолуккан. Анда жетекчилер «Семетей» COVID-19 менен ооругандарды кабыл алууга даярдык көрүү маселесин талкуулашты.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө лабораториядан тышкары госпитал толугу менен даяр экендиги маалым болду. Жандандыруу бөлүмүндө 35 орундук, ал эми дарылоо бөлүмүндө 250 орундук бар, муктаждык жаралса, орундуктардын саны көбөйөт. Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараптан бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге тамак-аш менен камсыздалынышы айтылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Ушул жылдын 4-ноябрынан баштап керектүү оргтехникалар, медициналык жабдууларды орнотуу иштери башталат. Бир жуманын ичинде «Семетей» COVID-19 жана пневмония менен ооругандарды кабыл алууга толук даяр болот.

Количество просмотров: 53