• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Ким ушундай эксперимент кылып жатат?». Депутат мэрияны сындады

13 Жетинин айы 202411:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-ноябрдагы ЖКнын жалпы жыйында депутат Дастан Бекешев Бишкек мэриясынын ишин сынга алды.

Депутаттын айтымында, шаарда коомдук транспорт жетишсиз ал эми тыгын маселеси чечилбей жатат.

“Кайрылуулар көп келип жатат. Коомдук транспорт жетишпейт, троллейбус жок. Эл жумушка, окууга өз убагында келе албай жатат. Шаарда качан коомдук транспорт маселеси чечилет? Аймактардан Бишкекке дарыланганы, окуганы, иштегени же башка жумуштар менен келген адамдар да кыйналды. Убактылуу автобекетке чейин келет таксисттер «андан ары өзүңөр кете бергиле» дейт. Алар кантип жетет? Туура, жаңы бекет курулуш керек. Бирок, жаңысы салынгыча эскисин бузбашыбыз керек. Коомдук транспорт жок, кышында эл кантет? Мындан сырткары студенттердин окуусу боюнча чечимди кайра карап чыккыла. Алар окуудан үйүнө түндө кайтып жатышат. Мындан тыгын чечилген жок, тескерисинче күчөдү”, — деди Бекешев.

Количество просмотров: 167