• Бейшемби 26 Бугу 2022
  • Четверг 26 Май 2022

Кипр орус байларын «алтын паспорттон» ажыратат

22 апреля 2022 в 13:39 Бишкек Govori.TV

Кипр орусиялык төрт миллиардер менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жарандыктан чыгарат. Бул тууралуу «Филелефтерос» гезити билдирди. Бул чечимге бизнесмендердин Евробиримдиктин санкциясына киргизилиши себеп болду.

Инвестиция салганы үчүн берилген алтын паспорттор бизнесмен Олег Дерипаскадан, «Меркурий» компаниялар тобунун президенти Игорь Кесаевден, «Комсомольская правда» жана РБК медиа-холдингинин ээси Григорий Берёзкинден жана Алишер Усмановдун карындашы Гүлбахор Исмаиловадан жана алардын 11 тууганынан алынат.

Дерипаска Кипр жарандыгын 2017-жылы, Исмаилова 2015-жылы, Березкин менен Кесаев 2012-жылы алганы белгиленген.

Апрелдин ортосунда Кипр өкмөтү Орусиянын төрт миллиардерин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн 17 мүчөсүн Кипр жарандыгынан ажыратуу ишин баштады. ЕБ Орусия президентинин ишенимдүү кишилерин санкциялар тизмесине киргизген. «Филелефтерос» гезитинин маалыматына караганда, Кипр жарандыгынан айрыла тургандардын арасында Михаил Гуцериев, Александр Пономаренко, Вадим Мошкович жана Алексей Кузьмичёв да бар. Украинада согуш башталганга чейин Forbes журналы алардын байлыгын 16 миллиард долларга баалаган.

Reuters агенттигинин кабарлашынча, 6779 чет өлкөлүк алтын паспорт программасы менен Кипр жарандыгын алган, алардын ичинен 2886 киши – орусиялыктар. Кипр бийлиги инвестиция салганы үчүн жарандык алган дагы 1100 кишини текшерип жатат.

Количество просмотров: 152