• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кирешесине карабай жөлөк пул берилиши керекпи? Депутаттардын пикири

22 Бештин айы 202214:20 Бишкек Govori.TV

Үя бүлө мүчөлөрүнүн кирешесине карабай эле балдарга деген жөлөк пул берилиши керекпи? Бул суроонун айланасында Жогорку Кеңештин депутаттарынын пикирин угуп көрдүк.

Кошумчалай кетсек, Улуттук статистика комитетинин расмий эсептөөлөрү боюнча, 2021-жылы Кыргызстандагы жакырлардын саны 2 млн. 244 миң киши деп эсептелген. Бул сан Кыргызстандын калкынын 33,3% түзүп турган. Анын ичинен, 407 миң адам же калктын 6% өтө жакыр жашайт. Мындан тышкары, дагы 500 миңге чукул же 10% калк жакырчылык чегине жакын жашайт деп эсептелет.

Ал эми 2022-жыл боюнча айтсак, Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев 21-ноябрда парламентте Кыргызстанда 2 млн. 400 миң адам жакырчылыкта күн кечирип жатканын билдирген.

Количество просмотров: 6238