• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Киров суу сактагычына ГЭС курулат

29 Теке 202119:37 Бишкек Govori.TV

Талас облусундагы Киров суу сактагычына гидроэлектрстанция куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-июлда президенттин Талас облусундагы өкүлү Бакытбек Нарбеков менен энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев суу сактагычка барып, аталган маселени жеринде талкуулашкан.

«Учурда ГЭС курула турган аймакта геодезиялык жумуштар жүргүзүлүүдө. ГЭСтин кубаттуулугу 30 мегаватт болот. ГЭСтин курулушуна 22 млн доллар кетери болжолдонууда»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 342