• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Киши колдуу болгон 12 жаштагы өспүрүм баланын өлүмү иликтенүүдө

27 Кулжа 202111:07 Бишкек Govori.TV

Ош облусуна караштуу Араван районунда 12 жаштагы бала асынып каза тапкан. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымакта ылайык, 2021-жылдын 25-июнунда саат 10:25 чамасында Араван райондук милициясына райондун борбордук ооруканасына асынып каза болгон өспүрүм баланын сөөгү келип түшкөндүгү тууралуу кабарланган.

Аталган маалымат Араван райондук милициясында катталып, тергөө-ыкчам тобу жана Араван РИИБдин жетекчилиги окуя болгон жерге барышкан.

«Каза болгон жаш өспүрүм Араван районунун Араван айылынын тургуну 12 жаштагы О. А. экендиги такталган. Аны саат 10:10до тайкеси алып келген учурда каза болгон, оорукананын моргуна киргизилген. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында өспүрүм бала киши колдуу болгондугу белгилүү болгон», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Кылмыштын бетин ачып, окуяга шектүүнү табуу боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 116