• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Клара Сооронкулова БШКнын үстүнөн сотко арыз жазды

22 Үчтүн айы 2021 17:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон юрист Клара Сооронкулова Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) үстүнөн Бишкек административдик сотуна арыз жазды.

Сооронкулованын айтымында, Садыр Жапаровдун соттуулугу болгондуктан, БШК аны өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызматка талапкер катары каттабашы керек болчу. 

«Шайлоо тууралуу мыйзамдын 4-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык, соттун күчүнө кирген чечими менен абакта кармалган жарандар шайлоо жана шайлануу укугунан ажырайт. Ошондой эле мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте соттолгондугу жоюлбаган жаран президенттикке шайлана албайт. Бирок БШКнын төрайымы жана мүчөлөрү Садыр Жапаровду 2 жолу соттолгондугуна, 6-октябрь күнү мыйзамсыз бошотулгандыгына карабай, президенттик шайлоого талапкер катары катышууга жол беришти», — деди Сооронкулова.

Количество просмотров: 591