• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Клара Сооронкулова камакта калды

9 Жетинин айы 2022 20:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын баш коргоо чарасы каралып, сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Отурумда жактоочу Чынара Жакупова соттук курамга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Сот анын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык  саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 163