• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Клара Сооронкулова “Улуттар биримдиги” партиясына кирди

1 Жалган куран 201914:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.03.2019. Govori.TV.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова «Улуттар биримдиги» партиясына кирип, аткаруу комитетинин катчысы болуп шайланды. Бул тууралуу саясий уюмдан билдиришти.

Бүгүн «Улуттар биримдиги” партиясынын саясий кеңешинин ке­зектеги отуруму болду. Анда партиянын ишин жер-жерлерде күчөтүү, жаңыча иш алып барууну талкуулашкан.

Партиянын аткаруу комитетининин катчысы Рысбек Мирзаматов жеке шарттардан улам катчылык кызматынан четтеп, мындан ары саясий кеңештин мүчөсү катары иш алып бармай болду.

“Аткаруу комитетинин жаңы катчысы болуп, белгилүү укук таануучу, юридика илимдери­нин кандидаты Сооронкулова Клара Сыргакбековна бир добуштан шайланды”,  – дешти партиядан.

Партиянын жаңы мүчөлөрү жөнүндө кыскача маалымат:

  • Сооронкулова Клара Сыргакбековна – юридика илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер, укуктук эксперт, “Укук мектеби” коомдук бирикмесинин жетекчиси.  Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп эмгектенген.
  • Кайыпов Сулайман Турдуевич – тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Респуб­ли­касынын илим жана технолгогия жагынан мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Сократ атындагы эл аралык аралык сыйлыктын лауреаты, Европа ректорлор клубунун мүчөсү. Ал Бишкектеги жогорку окуу жайларда декан, прорек­тор, ректорлук кызматтарды аркалаган.

“Улуттар биримдиги” Оштун мурдагы мэри Мелисбек Мырзакматовдун партиясы.

Булак: Кalys.media

Количество просмотров: 18