Киевдин мэри Виталий Кличко Украинада туруктуу тынчтык орной электе шайлоо өткөрүү туура эмес деп эсептейт. «Ушундай оор кырдаалда шайлоо өнөктүгү өлкөнү ичинен кыйратып, аны бир топ алсыратышы мүмкүн», — деди Кличко 20-февралда, бейшемби күнү Брюсселде Павел Адамович атындагы сыйлыкты тапшыруу аземине байланыштуу DW телеканалына берген маегинде.
Европа Биримдигиндеги бул сыйлык жергиликтүү деңгээлде демократияны чыңдоого, адам укуктарын коргоого жана жарандык тилектештикти колдоого өзгөчө салым кошкондугу үчүн ыйгарылат.
«Учурдагы кырдаалда шайлоо биздин мекенибиз үчүн уу» деп эсептейт: «Украинада акырындап тынчтык орногондон кийин, кийинки логикалык кадам шайлоо болот». Анын пикиринде, азыр кандайдыр бир шайлоого даярдык көрүү акылга сыйбайт, анткени “Украина болобу же жокпу” деген суроо ачык», — дейт Виталий Кличко.
Украиналыктар эгемендүүлүк жана аймактык бүтүндүк үчүн күрөшүп жатканда, өлкөдөгү саясий күчтөр согушту токтотуу үчүн күч-кубатын бириктириши керек. «Өлкө ичинде жана анын сыртында, Украинанын айланасында биримдиктин болушу абдан маанилүү», — деп жыйынтыктады Украинанын борборунун мэри.