• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ӨКМ аба ырайына байланыштуу билдирүү таратты

16 Жетинин айы 2022 9:08 Бишкек Govori.TV

Унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар экендигин ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 16-17-ноябрь күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар түшүү коркунучу сакталат.

Алсак, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 5-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 168