• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ӨКМ аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты

18 Бугу 2022 16:54 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 19-майда жана 21-23-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Количество просмотров: 114