• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ӨКМ аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты

22 Бугу 202514:53 Бишкек Govori.TV

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2025-жылдын 23-27-майында туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

«Арыктарды, сел каналдарын тазалап селдин алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл. Тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз», — деп жазылат билдирүүдө.

Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Количество просмотров: 415