• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ӨКМ аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты

5 Кулжа 202514:18 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 7-июндан 8-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

«Урматтуу жарандар! Бул күнү тоолуу аймактарда, жаратылышта эс алуудан баш тартып, дарыя жээктеринен алыс болуңуздар»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 308