2022-жылдын 4-6-майларда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Билдирүүдө айтылгандай, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, 4-майда күндүз жана 5-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.