• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

4 Баш оона 202210:22 Бишкек Govori.TV

ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, 2022-жылдын 4-августунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Количество просмотров: 5805