• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш кабар таратты

19 Баш оона 2022 14:43 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу шашылыш кабар таратты. Ага ылайык, 20-22-август күндөрү абанын табы төмөндөп, айрым аймактарда кар жаашы ыктымалдыгы айтылат.

«Чүйдө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25, Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29, тоо этектеринде түнкүсүн 7…12⁰, күндүз 21…26, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2⁰, күндүз 12…17⁰, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23⁰, Нарындын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15, бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8 градуска чейин төмөндөйт. Чүй менен Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал», деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 461