• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

ӨКМ акын жана композиторлорго сынак жарыялайт

14 Теке 2023 10:19 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги акын жана композиторлорго сынак жарыялайт.

Ведомстводон билдиришкендей, ырлардын текстти 3-4 куплеттен туруп, мекенчилдик, сактоо, коргоо, куткаруу сезимдерине үндөгөн марш тибине мүнөздүү текст жана марш музыкасы жазылышы керек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маршы аскерлердин духун көтөрүүгө да багытталып, анын музыкасы кайраттуулугуна жана энергиялуулугуна басым жасалат.

«Чыгармаларды кабыл алуунун акыркы күнү 2023-жылдын 25-августу. Кабыл алуу иш күндөрү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калк жана массалык маалымат каражаттары менен иштөө башкармалыгы тарабынан кабыл алынат.

Сынактын жеңүүчүлөрү – чыгармалардын авторлоруна (мыкты ырга, мыкты музыкага) 31-август – Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнө карата акчалай сыйлык тапшырылат. Байге фонду каралган. Сурап-билүү үчүн төмөнкү телефон номерлерине кайрылыңыздар. Дареги: Бишкек шаары, Манас көчөсү 101/1. Байланыш телефону: (0312) 32-38-12, 0552-88-69-66, 0701-72-15-47″, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 82