• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ӨКМ: Алайда сел сууларын тазалоо иштери аяктады

25 Чын куран 202217:50 Бишкек Govori.TV

Алай районунда сел сууларын тазалоо иштери толук аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-апрелде саат 09.00дөр чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулар Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылында жайгашкан 1 турак үйдүн жер төлөөсүн, Биринчи май айылынын Олжоке тилкесинде 1 турак үйдүн жер төлөөсүн, 5 турак үйдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорду каптаган.

Жерине Алай районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жетектеген ыкчам топ жана 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо иштери жүргөн.

Количество просмотров: 195