13-мартта саат 16:07 чамасында Алай районундагы Курманжан датка айыл аймагынын Кызыл-Ой айылындагы тоонун үстүндөгү кар эрип түшкөн. Анын кесепетинен тоонун боорунан суу агып, жер көчкү коркунучу активдешип, тоонун бетинде жаракалар пайда болгон. Мындан улам айылдагы 8 үйгө жер көчкү коркунучу жаралган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Алай райондук башкармалыгынан адистери барып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Кооптуу жердеги үйлөрдүн тургундары туугандарыныкына убактылуу көчүрүлгөн.
ӨКМ аталган аймакта жер көчкү коркунучу бар деп аныктаган. Ал жердеги 15 үйдүн жашоочуларына кооптуу аймак экендиги тууралуу корутунду берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Ошондой эле 5 үйдүн ээлерине мамлекет 200 миң сом өлчөмүндө ссуда жана жаңы жер тилкелерин берип, ал жерден көчүү керектигин эскерткен.
Учурда ӨКМдин мониторинг кызматы жер көчкүнүн динамикасын көзөмөлдөп, кошумча чара көрүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.