• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ӨКМ: Александровка айылын суу каптады деген маалымат жалган

15 Бугу 202010:37 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка айылын суу каптады деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Кечээ,14-майда республика боюнча нөшөрлөгөн жамгыр жаады. Бирок, Александровка айылын суу каптаганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Видео Казакстанда тартылганы айтылууда «,-деп билдиришти ӨКМден.

Эске салсак, 14-май күнү социалдык тармактарга «Александровка айылында сел жүрдү» деген аталышта видео тараган. Анда суу көчөнү каптап, үйлөргө агып жатканын көрүүгө болот.

Количество просмотров: 112