Бүгүн 6-декабрда Баткен шаарында жайгашкан «Мега» соода түйүнүндө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат таңкы саат 06:04тө түшкөн. Тилсиз жоо менен каршы күрөшүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылып, жеринде ИИМ жана «тез жардам» кызматы да жумуш алып барууда. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, өрттөн адамдар зыян тарткан жок.
Саат 08:19да чектөөгө алынган тилсиз жоо саат 09:10 до толук өчүрүлдү.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.