• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ӨКМ: Чүй облусунда кырсыктан сактануу боюнча нускамалар өткөрүлүп жатат

7 Аяк оона 2018 18:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.09.2018. Govori.TV
Табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү чөйрөсүндө  билим берүүнү  өркүндөтүүгө багытталган атайын окутуулар жүргүзүлө баштады. Бул туурасында ӨКМ басма-сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасында 5-октябрь «Кырсыктардын тобокелин кыскартуу” күнү деп белгиленген.Мындан улам, Өзгөчө кырдааалдар министрлиги 5-сентябрдан 5-октябрга чейин кырсыктардын тобокелин азайтуунун бир айлыгын жарыялаган.
Мындай демилгенин негизги максаты табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү чөйрөсүндө билим берүү системасын өркүндөтүү болуп саналат.
6-сентябрь күнү ,ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан мектептерде жана лицейлерде кырсыктардын алдын алуу боюнча ачык эшиктер күнү, практикалык окутуулар жана нускамалар өткөрүлдү.
 Анда жаратылыш кырсыктарынан сактануу, жана алдын алуу багытында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Мындай иш-чара Токмок шаарындагы №5 лицейде, Искра айылындагы №61-лицейде жана Ысык-Ата районундагы мектептерде өткөрүлдү.
Количество просмотров: 40