• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ӨКМ: Чоң-Кеминдеги өрт адамдардын шалаакы жана кайдыгер мамилесинен улам келип чыккан

8 Аяк оона 2021 12:29 Бишкек Govori.TV

Кемин районунун Кайыңды айылынын Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Көк-Жар токоюнда чыккан өрт адамдардын шалаакы жана кайдыгер мамилесинен улам келип чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тилсиз жоо менен күрөшүп, өрттү өчүрүү үчүн ӨКМдин куткаруучулары күн-түн дебей күрөшүп жатышат.

“Жаратылыш шарты катаал бул аймакта өрт менен күрөшүү чоң эмгекти талап кылып, куткаруучулар ондогон чакырымды жөө басып өтүүдө. Кургакчылыктан улам токойлордогу жана тоо боорундагы чөптөр куурап, өрттүн келип чыгуу коркунучу өтө жогору”, — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ жарандардан мындай шартта, өрт коопсуздугун сактап, табият кырсыктарынын келип чыгышына жол бербөөнү өтүнөт.

Дал ушундай этиятсыздыктан келип чыккан өрт кече жакында Түркия мамлекетине эбегейсиз чоң чыгым алып келип, ондогон адам каза таап, миңдеген гектар токойду жок кылды.

“Табиятты, токойлорду сактоо жана коргоо баарыбыздын милдетибиз”,- деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 101