• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

ӨКМ чукул билдирүү таратты

2 Баш оона 202312:34 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратып, сел коркунучу тууралуу эскертти.

Маалыматка ылайык, 2-3-августта туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

ӨКМ сел каптоонун алдын алуу максатында үй жанындагы, чарбактардагы арыктарды тазалоону сунуштайт.

Количество просмотров: 205