• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

ӨКМ чукул билдирүү таратып, кар көчкү түшүү коркунучу тууралуу эскертти

20 Жетинин айы 202322:52 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратып, тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу тууралуу эскертти.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 20-21-ноябрында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Каракол — Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 95