Сузактагы Көк-Арт дарыясында суунун нугу көтөрүлдү. Натыйжада Жалал-Абад шаарына караштуу №10 дамбанын 150 метр аралыгын суу жеп, кооптуулук жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Жерине 15 техника тартылып, суунун нугун буруу иштери жүрүүдө.
Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Жарандык коргоо башчысы Абсаттар Сыргабаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров жана Сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн адистери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тартылып, тиешелүү жумуштар аткарылууда.