• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ӨКМ: Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн

8 Чын куран 202210:31 Бишкек Govori.TV

8-апрелден 10-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн түштүк аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Количество просмотров: 322